ИСАКОВ Исабек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСАКОВ 2 to ИСАКОВ Исабек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Исабек (1. 9. 1933-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – акын, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1983), Кыргыз ССР эл агартуунун отличниги (1966), СССР журналисттер Союзунун (1959), жазуучу­лар Союзунун мүчөсү (1963) Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун 1958-жылы бүткөн. 1952–66-жылдарда «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу секретарь, 1967-жылы «Кыргыз­стан маданияты» жумалыгында жооптуу сек­ретарь, башкы редактордун орун басары, 1973– 85-жылдарда башкы редактор, 1985–87-жылдарда «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1993–99-жылдарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча адабий кеңеш­чи болуп иштеген. «Ороз менен короз» (1959), «Айга учам» (1967), «Учкул канат» (1959), «Күн менен сүйлөшүү», «Өмүр сапары» (1971), «Ме­кен мөмөлөр» (1977), «Алтын балалык» (1980), «Ата журт толкундары» (1983) ж. б. ырлар ж-а поэмалар жыйнактары, «Турсундун тамашасы» (1960), «Дыйкан жазы» (1969), «Тоо достору» (1970) повесть, аңгемелери жарык көргөн. «Жаш өмүрлөр» (1973), «Жол нурлары» (1978), «Күн жарыгы» (1990), «Сүйгөн жар» (2010) ж. б. ыр жыйнактардын автору. Айрым ыр жыйнакта­ры белорус, түркмөн, казак, өзбек, украин, кара калпак тилдерине которулган.