КАНЫМЕТОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫМЕТОВА Гүлайым (6. 5. 1949-жылы туулган, Ысык- Кѳл облусу, Түп району, Тасма айылы) - драма артис­ти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). Фрунзедеги М. Кү­рѳңкѳев атындагы музыкалык окуу жайын (1967), А. Луначарский атындагы Москва театр академиясын бүткѳн (1972). 1972–1992-жылдары Ош облустук драма театрында, 1992–1994-жылдары Шар­шен атындагы Чүй облустук куудулдар театрында эмгектенген, 1994-жылдан Т. Абдумому­нов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштейт. Аткарган негизги ролдору: Катерина Измайлова (Н. Лесков, «Мцен уезддик Макбет айым», «Нооруз-89» Орто Азия, Казакстан театр фестивалынын Гран­-при), Нина Заречная (А. Чехов, Ак чардак»), Гертруда (У. Шекспир, «Гамлет»), Мария (И. Дру­це, «Ыйыктын ыйыгы»), Каракөз (М. Ауэзов, «Кара көз»), Курманжан датка (Т. Касымбеков, К. Сактанов, «Курманжан датка», Кыргыз Республикасынын Ток­тогул атындагы мамлекеттик сыйлык, 2004) жана башкалар. Ч. Айтма­товдун чыгармалары боюнча коюлган спектакл­дерде да ойногон: Жамийла, Сейде, Асел, Най­ман эне, Кемпир («Жамийла», «Бетме-бет», «Дел­бирим», «Найман эне», «Ак кеме»). Толгонай­дын («Саманчы жолу») ролун мыкты аткарган­дыгы үчүн Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын алган (2008). Медалдар менен сыйланган.

Курманжан датка – Г. Каныметова. Т. Касымбеков, К. Сакта­нов. « Курманжан датка» спектаклин­де. 2003.