КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ
КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ – Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Кара-Акмат жергесинде жайгашкан коло дооруна таандык мүрзөлөр. Алар таш, топурак менен үйүлгөн жүзгө жакын дөбөчөлөрдөн, төрт чарчы көлөмдүү коргончолордон турат. Чопо идиштердин сыныктары, адамдын өрттөлгөн сөөк калдыктары табылган. Кара -Акмат көрүстөнүн археолог П. Н. Кожемяко казып, изилдеген.