КАППАДОКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАППАДО́КИЯ (грекче kappadokia) – Кичи Азия­нын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. Каппадокиянын алгачкы жа­шоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын орто ченинде түндүк-батыш та­раптан Каппадокияга индиевропалык уруулар басып кире баш­таган. Биздин заманга чейинки XX–XIX кылымдарда Каппадокияда ассириялык соо­да колониялары болгон. XIX кылымдын 80-жылда­рында Каппадокиянын аймагынан капподиниялык так­талар деп аталган байыркы сириялык Канес ко­лониясынын архивинен материалдар табылган (Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта Каппадокия аймагы Хетт падышалыгы­нын өзөгү болгон. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын башында Каппадокияны Мидия басып алып, ал эми VI кылымдын 2-жарымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Биздин заманга чейинки IV кылымда Каппадокия Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се-

Каппадокия эстеликтеринин жалпы көрүнүшү.

левкиддерге баш иет. Биздин заманга чейинки III–I кылымдардын орто­сунда Каппадокияда өз алдынча падышалык болуп, бор­бору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Биздин заманга чейинки I кылымда (биздин замандын XVII кылымынан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-жылы бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. XIV кылымдын аягында Осмон империя­сынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кыштагы­нын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастыр­лары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усы­пальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, келья­лар) тарыхый эстелик катары музейлерге ай­ланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы жана аскалуу эстеликтер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Ч. Жумагулов.