КАНЦОНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЦО́НА (италянча canzone – сөзмө-сөз ыр) – 1) XIII–XVII кылымдардагы батыш европалык поэзиядагы рыцарлар сүйүүсү жөнүндөгү лирикалык ыр. Класси­калык үлгүлөрүн Данте, Петрарка, Бокаччо жазган; 2) Кайра жаралуу доорунда поэтикалык канцонанын текстине жазылган көп үндүү ыр; 3) ас­паптык музыкалык пьеса, XVI–XVII кылымдарда вокалдык канцонадан иштелип чыккан түрү; анын өркүндөтүлүшү­нөн кончерто гроссо, фуга жана соната келип чыккан.