КАНАНГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́НГА – Конго Демократиялык Республикасынын түштү­гүндөгү шаар. Лулуа провинциясынын административдик бор­бору. Калкы 509,9 миң (2008). Жолдор тоому. Темир жол бекети. 1884-жылы Лулуабург деген ат менен негизделген. 1962-жылдан Батыш Касаи провин­циясынын борбору. 1966-жылдан азыркыдай аталат. Суфи-Тижания мечити, улуттук музей, педагогикалык институт бар. Кананга алмаз казып алуунун жана айыл чарба аймагынын борбору. Тамак-аш өнөр жай, фармацев­тика заводу, жылуулук электрстанциясы иштейт.