ИСКАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКАК Асан уулу [1844-жыл чен, Кокон хандыгы, Маргалаң ви­лайети, Охна кыштагы (азыркы Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айылы) – 1. 3. 1876, Россия империясы, Жаңы Маргалаң (азыркы Фергана) шаары] – Кокон көтөрүлүшүнүн (1873–1876) жетекчи­леринин бири. Ичкиликтин бостон уругунан. Атасы Асан (Хасан) молдо болуп, жаш кезинен сабаты ачылган жана 1867-жылы окуусун аяктап, Охнадагы мечитте иштеген. Кийин диний кыз­матын таштап, Ташкент шаарына кеткен жана ал жерден Кокон хандыгынын ханы (1844–58; 1862–63; 1865–75) Кудаярды тактан алууну максат кылган кыргыз бийлери менен таанышкан. Искак­тын өңү Алим хандын (1799‒1809) уулу Болотко (Полот) куюп койгондой окшош болгондуктан, алар анын атынан чыгууну сунуш кылышкан. Искак ага макул болуп, Болот хан деген ат менен Кудаяр ханга каршы көтөрүлүштү жетектөөнү мойнуна алган. 1-жолу 1873-жылы Сафед-Буланда, 2-жолу 1875-жылы Ботокара кыштагында ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн. Калган өмүрү 1873–1876-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кый­мыл жана Россиянын баскынчылыгына каршы күрөш менен тыгыз байланышта болгон (кара: Ис­кактын көтөрүлүшү). 1876-жылы 19-февралда орус аскеринин колуна түшүп, 1-мартта дарга асылган.

Ад.: Кененсариев Т. Искак Асан уулу Полот-хан. Б., 1997.

С. Наркеев.