КАЛЫПТООЧУ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:25, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫПТООЧУ МАШИНА – курулушта ара­лашманы ныктоочу, куюлган буюмду (модел­ди) калыптан чыгаруучу машина. Ал мате­риалды куюудагы оор жумуштарды механика­лаштырып, куюу жолу менен даярдалган нерсе­нин бекемдиги, тыгыздыгы жана өлчөмү бирдей, так алынышына мүмкүндүк берет. Калыптоочу машинанын кол, кысоор пресс жана башкалар менен ныктоо ыкмалары бар. Кол менен ныктоодо куюлган үлгүнү ажыратуу гана механикалаштырылган. Калыптоочу машинанын механизмин кыймылга келтирүүгө (пневматикалык, гидравликалык, механикалык, электр-магнит­тик), аралашманы тыгыздоо методуна (кагуу­чу, ныктоочу, дирилдетүүчү) жана калыптан чыгаруу ыкмасына жараша (штифт менен көтө­рүп ажыратуучу, калыпты төмөн түшүрүп ажыратуучу, аңтарып ажыратуучу) түрлөргө бө­лүнөт.