КАЛМАКТАР
КАЛМАКТАР (өздөрүн к а л ь м г дешет) – Калмак Республикасынын жергиликтүү калкы. Россия (Астрахан, Волгоград, Ростов, Оренбург, Ставропол, Сибир), Украина жана Кыргызстанда (ысык-көлдүк калмактар 6 миңдей), ошондой эле Аиерика Кошмо Штаттары, Франция, Швейцария, Германия, Орто Азияда да жашашат. Жалпы саны 200 миңдей, анын ичинде 155 миңи Калмакстанда (2002). Калмак жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен буддизм (ламаизм), аз бөлүгү православие динин тутушат. Калмактардын байыркы ата-бабалары – батыш моңгол-ойроттор, саясий бирикмеге кирген дун-ху, сянби, жужан, кидандар. XII кылымга чейин Байкал өндүрү жана Енисей аймактарын мекендешип, кийин батышты көздөй жылышкан. XIV кылымдын аягынан өзүнчө феодалдык мамлекетке – «дервен ордосуна» биригишкен.

Ойроттор XVI кылымдын аягы – XVII кылымдын 40-жылдарында Россия чегинде калмак эли болуп калыптанган. 1657-жылы В. Шуйскийдин макулдугу менен Калмактар (дербет, торгут, хошеут, хойт жана чоростор) Россиянын курамына өткөн. 1664–1771-жылдары Калмак хандыгы өкүм сүргөн. 1771-жылы Калмак хандыгы жоюлуп, анын аймагында Астрахан губерниясы түзүлгөн. 1920-жылы Калмак автономиялык облусу түзүлүп, 1935-жылы Калмак Советтик Социалисттик Автономиялык Республикасы болгон. 1994-жылдан Калмак Республикасы деп аталган. Калмактар мал-чарбачылык, дыйканчылык, балык уулоочулук менен кесиптенип, көчмөн турмушка ылайыкташкан, боз үй сымал салынган үй жана төрт дөңгөлөктүү араба-боз үйлөрдө жашашкан. XIX кылымдын башында калмак кыштагы пайда болуп, заманбап турак жайлар курулган. Эркектер көйнөк-шым, узун этектүү чепкен, булгаары өтүк, майрам күндөрү кызыл жибек баш кийим кийип, белине асемделген кур курчанган. Сол кулагына сөйкө, колуна шакек, билерик тагынып, бир өрүм чач өстүргөн. Аялдары узун, жеңсиз тигилген көйнөк, жеңи узун кофта, шым, өтүк кийип, кооздуктарды тагынышкан. Чачтарын узун өстүрүп, кыздар бир, аялдар 2 өрүм кылып өрүшкөн. Тамак-ашы негизинен – эт (ышталган эт), сүт (айран, кымыз, май, курут, быштак жана башкалар), дан азыктарынан даярдалат. Калмактардын баатырдык эпосу – «Жангар». Улуттук майрамы – Цагалган, Үрүс Сар.