КАЛЛИГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЛИГРА́ФИЯ (грекче kalligraphia – сулуу кол жазма, kalljs – сулуулук жана ...графия) – даана жана сулуу жазуу өнөрү. Каллиграфия арип жана жазуу ку­ралдарынын тарыхы, өнөрдүн стилистикалык эволюциясы менен байланыштуу. Китеп басуу ишинин жана машинкага, кийин компьютерге жазуунун өнүгүшү менен каллиграфиянын колдонулушу кес­кин азайып, ал негизинен башталгыч класс­тарда гана өзүнчө сабак («таза жазуу») катары окутулат. Каллиграфия китеп көркөмдөө, плакат жасоо, графика жана башка тармактарда колдонулат.