ИЧЕГИ
ИЧЕГИ – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде ичеги тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баштыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздууларда) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөйлүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичеги кулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жаныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурткалуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурткалууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоочуларда ичке ж-а жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт эмүүчүлөрдө ичеги узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз иченги м-н бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан туруп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сезгич нервдери м-н тейленет. Ичегинин былжыр челинде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот.
Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке ж-а жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жайгашкан, узундугу 5–6 мге жетет. Ал анатомиялык түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги ж-а майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (капталы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары майда түктөр (ворсинка) м-н капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а углеводдор толук ажырайт. Ичке ичеигинин ортоңку катмары сырткы ж-а ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сымал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы м-н ичке ичеги толкун сымал жыйрылып ж-а бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмар м-н капталган. Жоон ичеги ичке ичегиден башталат. Анын узундугу 1,5 мдей. Ичке ичегини алкак сымал айланта курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк ылдый жагында узундугу 3–7 смдей урчук болуп, ал сокур ичеги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон ичегинин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен ж-а сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чучук) өтөт. Ичегиде тамак-аштын ажыроо ж-а анын органикалык ж-а органикалык эмес заттарын, ошондой эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин кислоталары ж. б. ферменттик ажыроого учурайт. Анда аминкислоталары ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюуланышына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке ичегиден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан сиңип, канга өтөт.