ЖЕЛАРГЫ
ЖЕЛАРГЫ – тоодон соккон сыдырым шамал (кара: Жел); аргы – аркыроо деген мааниде: Мисалы, М. Кашгаринин сөздүгүндө мисал катары бектер атын аргытып чаап келгенде беттери (өңү) туурулганын «баклар атин аргуруб, казгу ани тургуруб» деген макал менен айтылса, азыркы учурда «жел аргыга эгин сапырат» деген сөз бар. Кемин өрөөнүндөгү «Жел-Аргы» деген аталыштагы жер кийин орус тилине ылайыкталып «Жел-Арык» болуп өзгөрүлүп калган.
Ад,: Махмуд ал-Кашгари, Диван Луга ат-Турк /Пер., предисл. и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы. Б., 2011.