ИСМАНБАЕВ Асанбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАНБАЕВ Асанбай (13. 6. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Төрт-Күл айылы) – физик, физика-математика илимдеринин доктору, (1996), профессор (2000), Россия педагогика ж-а социалдык илимдер академиясынын академиги (2001). КМУну (1965), ММУну (Москва, 1976) ж-а ФПИнин аспирантурасын бүтүргөн. ФПИде окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, проректор. 1999- жылдан КМКТАУда кафедра башчы. КРдин би­лим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2001). Суюк­туктар ж-а газдардын механикасы боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 3 окуу китеп ж-а 5 окуу куралы жарык көргөн.

Эмг.: Теория фильтрационных течений под гидро­сооружениями в пластах с макровключениями. Б., 1995.