ИСАКОВ Сира

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Сира (1927-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баа­тыры (1957). Эмгек жолун 1943-жылы Фрунзе атындагы айыл чарба артелинде катардагы колхозчу болуп иш-

төөдөн баштаган. 1954-жыл­дан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Катта-Талдык» мамлекеттик асыл тукум кой өстү­рүү заводунун баш чабаны бо­луп иштеген. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгилик­терге жетишип, 1954–57-жылы ар жүз тубар койдон 115– 116 козу, ар койдон 4,9 кг­дан жүн кыркып алган. Ле­нин ордени м-н сыйланган.