Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата
Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
- ИРРАЦИОНАЛДЫК САН – рационалдык эмес (бүтүн же бөлчөк эмес) сан, башкача айтканда а/b (мында а, b бүтүн сандар, b/0) түрүндө туюнтууга мүмкүн болбогон сан. Иррационалдык сан геометриялык түрдө бирдик узундуктагы кесинди м-н ченелбөөчү кесиндинин узундугун туюнтат. Чыныгы иррационалдык сандар Дедекинд кесилиши м-н же мезгилсиз ондук бөлчөк түрүндө туюнтулушу мүмкүн, мисалы, 0,010010001...,2 =1,41 ..., π=3,14...,lg7, сos29°31′ ж. б. иррационалдык катыштардын болушу (мисалы, квадраттын диагоналдарынын анын жактарына болгон катышынын иррационалдуулугу) байыртан эле белгилүү болгон а санынын иррационалдуулугун немис математиги И. Ламберт (1766) аныктаган. Ошондой болсо да ирационалдык сандын так теориясы 19-кылымдын 2-жарымында гана түзүлгөн (немис математиктери Р. Дедекинд, Г. Кантор, К. Вейерштрасс). Иррационалдык сандардын көптүгү эсепсиз. Иррационалдык сан рационалдык эмес алгебралык сан ж-а трансценденттик санга айырмаланат, к. Сан.