ЖЭЭНБЕКОВ СООРОНБАЙ ШАРИПОВИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шарипович [16. 11. 1958, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Тельман (азыркы Биймырза айылы)] – мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Президенти (2017– 2020). Эмгек жолу 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабиятын окутуудан башталган. 1983-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун (2001-жылдан К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети) зоотехника, 2003-жылы экономика факультеттерин бүтүргөн. 1983–1988-жылдары Ош облусунун Совет районунда «Совет» совхозунда башкы зоотехник, 1988–1989-жылдары Кыргызстан КП Совет райкомунун инструктору, 1989–1991-жылдары Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, 1991–1993-жылдары ошол эле жерде директор. 1993–1996-жылдары «Кашка-Жол» колхозунун башкармасынын төрагасы. 1995–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (I чакырылышы) Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) «Реформа» фракциясынын мүчөсү болгон. 1996–1997-жылдары Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, 1997–2000-жылдары бул комитетти жетектеген. 2000–2005-жылдары Жогорку Кеңештин (II чакырылышы) Эл өкүлдөр жыйынында төрагасынын орун басары, 2005–2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агроөнөр жай комплекси жана экология, 2006–2007-жылдары агрардык саясат боюнча комитеттердин төрагасы милдетин аткарган. 2007-жылы 30-мартта Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу добушу менен Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын премьер-министрилигине дайындалгандан кийин Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп дайындалган. 2007-жылы 21-октябрда өлкөдө жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча өткөн референдумга байланыштуу 24-октябрда өкмөт менен бирге отставкага кетип, ошол эле жылдын 27-декабрына чейин министрдин милдетин убактылуу аткарып турган. 2008–2010-жылдары жеке ишкер. 2010–2012-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, губернаторунун милдетин аткаруучу. 2012–2015-жылдары Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. 2015–2016-жылдары Мамлекеттик кадр кызматынын директору. 2016-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти (2011–2017) А. Атамбаевдин жарлыгы менен Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2016-жылы 12-апрелде КСДП фракциясы Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн премьер-министрлигине сунуштап, 13-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы аны бир добуштан колдоп беришкен. Ошол эле күнү республиканын Президенти Алмазбек Атамбаев аны Премьер-министрликке дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. 2016-жылдын 26-октябрынан 11-ноябрына чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу, 11-ноябрда кайрадан Кыргызстандын Премьер-министрлигине дайындалган. 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого КСДПнын талапкери болуп катышууга макулдук бергенине байланыштуу ал 2017-жылы 22-августта министрлер кабинетинин башчысы кызматынан кеткен. Шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда С. Жээнбеков жеңишке жетсе, мурдагы президентинин саясатын улантып, ошондой эле Кыргызстандын экономикасын Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялоону өнүктүрүү, ЖККУ жана КМШ алкагындагы байланыштарды сактоо, республиканын стратегиялык башкы өнөктөшү деп саналган Россия Федерациясы менен кызматташууну бекемдөө ниетин билдирген. 2017-жылы 15-октябрда шайлоочулардын 54,22% добушун алган Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. 2020-жылы 4-октябрда Кыргыз Республикасында кезектеги парламенттик шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолуп, ага катышкан көпчүлүк саясий партиялар анын жыйынтыгын тааныбай, республикада нааразылык акциясы башталган. 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жаратпай, жаңы шайлоонун күнү эки жуманын ичинде аныкталары жарыяланган. 6-октябрь күнү Бишкек шаарындагы митингде эл менен милициянын ортолорунда кагылышуу орун алып, ошол түнү тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланган жана анын натыйжасында митингчилер Өкмөт үйүн ээлеп алууга жетишкен. Бишкектеги толкундоолор учурунда бир адам каза таап, 170ке жакын адам ар кандай деңгээлде жарат алган. С. Жээнбеков 9-октябрда премьер-министр жана өкмөттү чогуу кызматтан кетирип, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүүгө буйрук берген. Бирок ал иш жүзүнө ашпай калган. Бийликтин мындай кризиси 10 күнгө созулуп, массалык баш аламандыктын шартында Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүүгө макулдук берген. Тарап кеткен Жогорку Кеңештин  депутаттары 14-октябрда кайра чогулуп, Садыр Жапаровду Премьер-министрликке дайындаган жана 16-октябрда депутаттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматынан кетип жатканын ырастаган. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (2002), II класстагы Мамлекеттик кеңешчи. «Данк» медалы (2011) жана III даражадагы «Манас» ордени (2015) менен сыйланган.