КАРА-БУЛУҢ (Ат-Башы районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛУҢ - Нарын облусунун Ат-Башы
районундагы кыштак. Кара-Коюн айыл округуна
караштуу. Бишкек - Торугарт автомобиль жо­лунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2240 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан
35 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 258 км. Кыштак 1926-жылы негизделген. Кал­кы 1508 (2007); негизинен мал м-н алектенет.
Орто мектеп, китепкана, ФАП, бала бакча бар.