КАРА-БУЛАК (Кемин районундагы кыштак)
КАРА-БУЛАК - Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Кара-Булак айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1172 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 15 км түн.-чыгыш тарапта. Кыштак 1919-ж. негизделген. Калкы 2777 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мончо бар.