КАРА-БУЛАК (Лейлек районундагы кыштак)
КАРА-БУЛАК - Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыштак. Тогуз-Булак айыл округуна караштуу. Исфана - Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1595 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 12 км түн. тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажикстан) 63 км. Калкы 1997 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП ж. б. бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Р. Жолбаев туулган.