«КАРА-БАЛТА КИЛЕМИ»
«КАРА-БАЛТА КИЛЕМИ» – жоопкерчилиги чектелген коом (2004). 1983-ж. ачылган «Кыргыз килеми» ишканасынын базасында түзүлгөн. Жүн жана синтездик жиптерден килем токулат. Күнүнө 200 м2 продукция чыгарылат. Ишкана заказ да кабыл алат, анын ичинде чет өлкөлөрдөн.