КАРА-БАЛТА КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
КАРА-БАЛТА КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Чүй обл-ндагы Кара-Балта ш-нын аймагында. 1952-ж. ишке киргизилген. Аянты 10 800 м2. Мында Кара-Балта тоо-кен комбинатынан иштетилип чыккан кен калдыктары (уран тобундагы элементтер) сакталат. Гамма нурлануусунун кубаттуулугу 30–220 мкР/с. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 баллга чейин. Экол. жактан дээрлик канааттандырарлык.