КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ
КАРА-АКМАТ КӨРҮСТӨНҮ – Кетмен-Төбө
өрөөнүнүн Кара-Акмат жергесинде жайгашкан коло дооруна таандык мүрзөлөр. Алар таш, топурак м-н үйүлгөн жүзгө жакын дөбөчөлөрдөн, төрт чарчы көлөмдүү коргончолордон турат.
Чопо идиштердин сыныктары, адамдын өрттөлгөн сөөк калдыктары табылган. К.-А. к-н археолог П. Н. Кожемяко казып, изилдеген.