КАПТАЛ СЫЗЫК
КАПТАЛ СЫЗЫК (Linea lateralis) – сууда жашоочу омурткалуулардын (оймок ооздуулар, балыктар, айрым жерде-сууда жашоочулар) личинкасынын кээ бир жетилгендеринин дене капталында ж-а башында сызык түрүндө жайгашкан сезүү органы. Кургакта, жерде-сууда жашоочулардын К. с. органы көнөк башта гана сакталган. К. с. – бул сейсмосенсордук тери органдары, суунун анча-мынча термелишин ж-а жылышын сезүүгө жөндөмдүү, себеби эктодерманын үстүндө же анын майда чуңкурчасындагы сездиргич клеткалар арасында жатат. Балыкта теринин калың жеринде узунунан кеткен каналды түзөт, андан сыртка карай майда тешикчелер чыгат. К. с-тын түзүлүшү ж-а жайгашышы көпчүлүк балыктарга систематикалык белги болуп эсептелет.