КАПТАЛ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПТАЛ КЫРКА ТООСУ Чоң Кавказ тоо тар­магына кирет. Башкы же Суу-Бөлгүч кырка тоосунун түндүгүндө ага жарыш жатат. Чөкмө, кристаллдык ж-а чополуу сланец, гранит тек­теринен турат. Каптал кырка тоосунда эң бийик чокулар – Эльбрус (бийиктиги 5642 м), Дыхтау (5203 м), Каз­бек (5033 м), Тебулосмта (4493 м) ж. б. жайгаш­кан. Аскалуу кооз кырларына рельефтин альп тибиндеги формалары, нивалдык ж-а гляциал­дык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Каптал­дарын ийне жалбырактуу токой, альп ж-а суб­альп шалбаалары ээлейт. Мөңгүлүү. Табигый ландшафттары Кавказ, Кабарда-Балкар, Казбе­ги, Түндүк Осетин ж. б. коруктарда, Эльбрус этеги улуттук табият паркында корголот. Тоо-лыжа спортунун, альпинизмдин ж-а туризмдин бор­бору.