КАПТАЛДАП СҮЗҮҮЧҮЛӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПТАЛДАП СҮЗҮҮЧҮЛӨР (Amphipoda) – та­таал түзүлүштүү рактар түркүмү. Уз. 1–2 смден 28 смге жетет. Көпчүлүк түрүнүн денеси капта­лынан кууш, башы 1–2 көкүрөк муунагы м-н биригип, кыймылсыз. Көкүрөк бутунун алдың­кы экөөнүн кыпчууру бар. Курсагында эки ача 3 жуп сүзгүч буту ж-а секирүүгө ыңгайланган буттары болот. Капталдап сүзөт. 4500гө жакын түрү көбүнчө деңизде, айрымдары тузсуз көлдө жашайт. Кээ бири жырткыч, мис., кит битте­ри – кит эктомителери. Өздөрү балыктарга жем.