КАПКА-ТАШ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПКА-ТАШ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш тармактары – Кеңкол м-н Так­талыктын аралыгында жайгашкан. Токтогул районунун аймагында. Аянты 0,96 км2, суунун көлөмү 2,6 млн м3. Эң терең жери 50 м. Капка- Таш өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 2305 м бийикте жа­тат. Тунуктугу 3 м. Көлгө 7 өзөн куюп, андан агып чыккан суу Кара-Суу көлүн толуктап ту­рат. Бөгөт көл түрүнө кирет.