КАПИТОЛИЙ
КАПИТО́ЛИЙ (лат. Capitolium, Capitolinus mоns) – 1) Байыркы Рим жайгашкан дөбөлөрдүн бири. К. байыртан эле динге сыйынуучулардын борбору болгон. Мында К. чиркөөсү жайгашып, сенат кеңешмелери, элдик чогулуштар өткөрүлгөн. К-дин түш.-батышындагы жардуу жантаймаларынан (Тарпей зоокалары) кылмышкерлерди ыргытышкан; 2) Вашингтондогу АКШ конгрессинин имараты. 1793–1865-ж. салынган (арх. – У. Торнтон, Б. Латроб, Т. Уолтер). О. эле АКШ штаттарынын борборлорунда жерг. мыйзам чыгаруучу ассамблеялардын чогулуштары өтүүчү имараттар да К. деп аталат.
