КАПИТЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТЕ́ЛЬ (лат. capitellum – башы) – ордер­дик түркүктүн ж-а анын модификацияларынын (колоннанын) негизги үч бөлүгүнүн (фуст ж-а база м-н бирдикте) бири. Капитель вертикалдык тая-

1 – байыркы египет­тик пальма сымал; 2– ионийлик; 3 – до­рийлик; 4 – коринф­тик.

нычтын жогорку чет жагынын жабдылышы катары антаблементтин оордугун өзүнө алат. Капитель Байыркы Чыгыш зодчийлигинде белгилүү бол­гон. Антикалык доордо капителдин 3 негизги түрү (дорийлик, ионийлик, коринфтик, ошондой эле ком­позиттик) калыптанган. Капителдин өзгөчө түрлөрү Кытай, Япония, Мексика, Россия, Армения, Грузия, Орто Азия мамлекеттеринин архитектурасындажаралган.