КАПИЛЛЯРДЫК КОНДЕНСАЦИЯ
КАПИЛЛЯРДЫК КОНДЕНСА́ЦИЯ – катуу нерселердин көңдөйчөлөрүндөгү суюктуктун каныккан буусунун басымы азайганда, суюк тамчынын пайда болушу. Кубулуш катуу заттардын тешикчелери аркылуу сууну соруу убагында кездешет. Адсорбенттердин беттери сууланган кезде, алардын ичиндеги майда түтүкчөлөрдө ийилген мениск пайда болот да, алардын үстүнкү бетиндеги буулардын салыштырма басымы төмөндөп, суюктукка айланат. Натыйжада адсорбенттердин бардык тешикчелерине суюктук толот. К. к. майда тешикчелүү зат аркылуу суюктуктарды чогултууда ө. ж-да колдонулат, о. эле кургатуу ж-а нымды сактоо процесстеринде мааниси чоң.