КАҢЫЛТЫРЛАР
КАҢЫЛТЫРЛАР (Сyprinidae) – балыктардын
каңылтыр сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Денеси түрпүлүү же түрпүсүз. Алардын 270тей уруусу, 1500дөй түрү белгилүү. Көбүнчө Түш. Азия ж-а тропик Африкада таралган. Кара, Азов, Каспий деңиздеринин ж-а Амур д-нын алабында 50дөн ашык уруусунун өкүлдөрү кездешет. Кырг-нда Ысык-Көлдө, Чүй, Талас ж. б. сууларда бар. К. өрдөйт, шар аккан, о. эле жылуу, кыч-

кылтеги аз сууларда да жашайт. Жумурткасын өсүмдүк ж-а таш арасына, кээде суунун терең жерине таштайт. Айрымдары жумурткасын коргойт. Көпчүлүгү (тыран, сазан, кара балык ж. б.) промыселдик балык.