КАНЫМЕТОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫМЕТОВА Гүлайым (6. 5. 1949-ж. т., Ысык- Кѳл обл., Түп р-ну, Тасма айылы) - драма артис­ти, КРдин эл арт. (1991). Фрунзедеги М. Кү­рѳңкѳев атн. муз. окуу жайыш (1967), А. Луначарский атн. Москва театр академиясыш бүткѳн (1972). 1972-92-ж. Ош обл. драма театрында, 1992-94-ж. Шар­шен атн. Чүй обл. куудулдар театрышда эмгектенген, 1994-жылдан Т. Абдумому­нов атн. Кыргыз улуттук драма театрышда иштейт. Аткарган негизги ролдору: Катерина Измайлова (Н. Лес-



Курманжан датка – Г. Каныметова. Т. Ка­сымбеков, К. Сакта­но в. « Кур манж ан датка» спектаклин­де. 2003.

ков, «Мцен уезддик Макбет айым», «Нооруз-89» О. Азия, Казакстан театр фестивалынын Гран­при), Нина Заречная (А. Чехов, Ак чардак»), Гертруда (У. Шекспир, «Гамлет»), Мария (И. Дру­це, «Ыйыктын ыйыгы»), Каракөз (М. Ауэзов, «Кара көз»), Курманжан датка (Т. Касымбеков, К. Сактанов, «Курманжан датка», КРдин Ток­тогул атн. мамл. сыйл., 2004) ж. б. Ч. Айтма­товдун чыгармалары б-ча коюлган спектакл­дерде да ойногон: Жамийла, Сейде, Асел, Най­ман эне, Кемпир («Жамийла», «Бетме-бет», «Дел­бирим», «Найман эне», «Ак кеме»). Толгонай­дын («Саманчы жолу») ролун мыкты аткарган­дыгы үчүн Ч. Айтматов атн. эл аралык сыйл. алган (2008). Медалдар м-н сыйланган.