КАН УНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН УНУ – союлган малдын канынан жасал­ган продукт; майда, күрөң күкүм. Витамин-бе­локтуу тоют катары чочко, үй кушу, ошондой эле куну айбанаттарга кошумча берилет. Сапаты м-н ку­рамына карай биринчи ж-а экинчи сортко бөлүнөт. Биринчи сортунун нымдуулугу 9%, майлуулугу 3% болуп, протеин 81%тен ашпоо­су керек. Экинчи сортунун нымдуулугу 11%, майлуулугу 5%, протеин 73%тен ашпайт. 1 кг кан унунда 1,06 тоют бирдиги ж-а 758 г сиңимдүү протеин бар. Протеини биологиялык баалуулугу м-н айырмаланат. Суткасына чочкого 300, торопойго 100–150 гга чейин, үй кушунун 1 кг тирүүлөй салмагына 4–5 г берилет. Протеинге бай тоют катары тукумдук эркек малдын (букага 800 г, айгырга 500 г, чочкого 200 г) рационуна кошу­лат. Кан уну кургак ж-а салкын жайда сакталат. Тоютка жараксыз кан уну жер семирткич катары колдонулат.