КАНТХО
КАНТХО́ – Вьетнамдын түштүк-батышындагы борборго баш ийген шаар. Хошимин шаарынан 170 км түштүк-батышта, Меконг – Бассак (Хау) дарыясынын башкы салаасынын биринде жайгашкан башкы шаар. Калкы 268,7 миң (2008; агломерациясында 1,2 млн). Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар. 1739-жылы негизделген. 1991–2004-жылдарда Кантхо провинциясынын административдик борбору болгон. Будда пагодалары, калкыма базарлар, университет (күрүч ИИИ м-н) бар. Күрүчтү экспорттоо боюнча дүйнөдөгү эң ири борбор. «Чанок» ж-а «Хунгфу» индустрия парктары, жашылча-жемиш консерва, кант өндүрүшү, пиво кайнатуу заводдору, текстиль, кеме куруу өнөр жай ишканалары, ЖЭС иштейт.