КАНСЫЗ СОГУШ
КАНСЫЗ СОГУШ – дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон термин. СССР ж-а башка соц. өлкөлөр м-н АКШ ж-а анын союздаштарынын ортосундагы согуштук-саясий конфронтация. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) Германия, Италия ж-а Япониянын жеңилиши м-н дүйнөдөгү саясий абал кайрадан өзгөрүп, күчтүү эки держава (СССР, АКШ) түзүлгөн. Алардын жеке көз карашы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, б. а. бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын ж-а плац-
дармдарды түзүү, түрдүү экон. кысымдарды (эмбарго, экон. блокада) кеңири колдонуу м-н мүнөздөлгөн. К. с. Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизмдик идеологияга басым жасалышына байланыштуу эки системанын (к. Капитализм, Социализм) карама-каршылыгы күчөп, акыры пролетариаттын жардамы м-н социализм жеңет ж-а коммунизм орнойт деген ил. көз караш аркылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнөдөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (биполярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-ж. У. Черчиллдин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө Социалисттик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу ядролук (АКШда 1945-ж., СССРде 1949-ж.), водороддук бомбаларды (АКШда 1952-ж., СССРде 1953-ж.) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түн. Атлантика согуш блогун (НАТО), СССР Экон. өз ара жардамдашуу кеңешин (СЭВ) ж-а Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР м-н ГФРге (1949) ж-а Кореянын Түн., Түш. болуп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жылдардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши ж-а АКШнын Вьетнамга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай м-н СССРдин ортосундагы коммунисттик идеологиядагы келишпестик ж-а Кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда К. с-тун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баштаган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, космосто ж-а сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-ж. АКШ м-н СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) ж-а ракетага каршы коргонуу (ПРО) келишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-ж. СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши ж-а АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоодон баш тартышы м-н эки мамлекеттин мамилеси начарлап, К. с-тун күчөшүнө түрткү болгон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кайра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (куралданууну контролго алуу) б-ча сүйлөшүүлөр, 1989-ж. сов. аскердин Афганстандан чыгышы, соц. лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экон. кризистер, Варшава келишиминин таркатылышы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чыгыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышына шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш м-н Батыштын ортосундагы эл аралык мамиленин курчушун күчөтө турган экон., ил.-тех. шарттар негизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы соц. системадагы көптөгөн өлкөлөр демокр. негизде кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу К. с. токтогон.