КАН СОРГУЧТАР
КАН СОРГУЧТАР (Hippoleoscidea) – кыска мурут чымындар тукуму. Узундугу 4–8 мм. Сүт эмүүчүлөр м-н канаттуулардын кан соргуч сырткы мителери. Күчтүү буттары ж-а кошумча тишчелүү тырмактары м-н жаныбардын жүнүнө ж-а канатына жабышат. Канаттуулары ээсине жолукканда канатын жоготот. Кээ бир түрү таптакыр канатсыз болот. 200дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү жаныбардын бир гана түрүнө ылайыкташып, ошонун гана денесинде мителик кылат. Личинкасы жумурткалыктын жатын сымал кеңейген жеринде өөрчүп, сүт бездери сыяктуу 2 чоң бездин секрециясы м-н азыктанып, куурчакчага айланууга даяр туулат. Алар бугу, жылкы, уй, кой, ит, канаттуу ж. б-дын кан соргучтары болуп бөлүнөт.