КАН СЕРПЕНТИНИТ КЕНИ
КАН СЕРПЕНТИНИ́Т КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кан шаарчасынан 15 км чыгышта, Алай кырка тоосунда, деңиз деңгээлинен 1000–1300 м бийикте. 1955-жылы изилденген. Серпентинит Кан кенташ талаасынын ультранегиздүү тектери м-н туташ жатат. Узундугу 8 км, туурасы 2 км, тереңдиги 400 мге чейин. Бардык иликтелген сынамыктарда МgОнун орточо өлчөмү 33%ти түзөт, зыяндуу кошундунун (фторлуу кальцийдин) жоктугу анын сапатын жогорулатат. С2 категориясы боюнча серпентиниттин запасы 21 млн r, МgОго эсептегенде 7 млн r.