КАН ПАЙДА БОЛУУ
КАН ПАЙДА БОЛУУ , г е м о п о э з – жаныбарлар м-н адамдын кан клеткаларынын пайда болуу, өөрчүү, жетилүү процесси. Адам м-н омурткалуулардын кан клеткалары аз убакыт жашайт (мис., адамдын эритроцити 120, лейкоцити 5, тромбоцити 4 күн, лимфоцит бир нече күндөн бир нече айга чейин). Организмде кан клеткаларынын тынымсыз бузулуп турганына карабастан, жаңысы м-н алмашып, канда алардын саны өмүр бою бир калыпта сакталып турат. Омурткасыз жаныбарларда кан көңдөй суюктугунда ж-а кандын өзүндө пайда болот. Кан сүт эмүүчүлөр м-н адамда кан пайда кылуучу органдарда пайда болот: эритроциттер, лейкоциттер ж-а тромбоциттер – сөөк кемигинде; лимфоциттер лимфа түйүндөрүндө, көк боордо, богок безинде, сөөк кемигинде жаралат. Кан пайда болуу ж-а кан клеткаларынын сан ж-а сапатынын өзгөрүүлөрүн бир катар гормондор, витаминдер (мис., В12, фоли к-тасы), о. эле өзгөчө заттар – гемопоэтиндер жөнгө салып турат. Сүт эмүүчү жаныбар м-н адамдын түйүлдүгүндө К. п. б. мезенхима клеткаларынан башталат. Кандын алгачкы пайда болуусу 19 күндүк эмбриондон (түйүлдүктүн экинчи айында) байкалат. Кийинчерээк боордо – эритроциттер ж-а лейкоциттер, богок безинде лимфоциттер жаралат. Түйүлдүк 4 айга караганда К. п. б. кемик м-н чучукта жүрөт. Бул мезгилде лимфа түйүндөрү калыптанып, анда лимфоциттер пайда болот. Көк боордо К. п. б. бала төрөлгөндөн кийин башталат. Кан жоготууда, канда кычкылтек жетишпегенде, сезгенүү процессинде, жугуштуу ооруларда организмде К. п. б. күчөйт. Бул организмдин коргонуу функциясын билдирет. Организмде темир, В12 витамини жетишпегенде, көк боор ооруганда, айрым уу заттар м-н ууланганда К. п. б. начарлап, аз кандуулукка алып келет.