КАНОЭ (кичине кайык)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНО́Э (испанча canoa – кичине кайык; кариб индейлеринин тилинен өздөштүрүлгөн) – 1) Түн.
Америка индейлеринин жыгачтын чулу сөңгө-

гүнөн оюп жасалган же жыгач каркасы тери м-н капталган кайыгы; калак бекитүүчү оюк­тары жок, бир жагы м-н шилөөчү калактары болот; 2) спорттук чакан кайык. Анын чоңду­гу, салмагы, формасы мелдеш эрежелерине ылайыкталып курулат. К. б-ча эл аралык фе­дерация 1946-ж. уюушулган.