КАНО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́НО – Нигериянын түндүгүндөгү шаар. Кано штатынын адм. борбору. Калкы 2,3 млн (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (Лагос, Ибадандан кийин). Ири жолдор тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. Болжол м-н 9-к-да негиз­делген. Курми рыногу (16-к.; Батыш Африка­дагы эң байыркы), ун-ттер, коллеж, Нигерия полиция академиясы, китепканалар, музейлер бар. Кол өнөрчүлүктүн (эмалданган идиштер, темир ж-а күмүш буюмдар жасалат, тери ийле­нип, сафьян беленделет, кездемелер боёлот) ири борбору. Металл иштетүү, тамак-аш (май, эт), хим., текстиль, цемент ж. б. ө. ж. ишканала­ры иштейт. Зоопарк уюштурулган.