КАН ЛИСТВЕНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН ЛИСТВЕНИ́Т КЕНИ Баткен облусунун Ка­дамжай районунда. Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1200–1400 м бийикте жай­гашкан. 1982-жылы табылган. Кен аймагын узундугу 30 км, туурасы 1 км болгон гипербазит тоо тек массиви түзөт. Лиственит гипербазиттин арасын­да жатат. Кен өз-өзүнчө 4 участкадан турат. Абид-Сайдагы листвениттин сыртка чыгып жат­кан аянты 3600 м2, Нормат-Сайда – 2100 м2, Те­гирмен-Таш-Сайда – 9600 м2 ж-а Жолборс-Сай­да – 5000 м2. Лиственит кооз, боз жашыл ж-а жашыл түстө, жакшы сайкалданат. Бекемдиги канааттандырарлык. Арасында ар кандай ка­лыңдыкта агат сымал калцедондун майда та­рамчалары кезигет. Лиственит кооз буюмдарды жасоого жарактуу. 10 м тереңдикке чейинки бол­жолдуу ресурсу 20,3 миң м3.