КАН КУЮУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН КУЮУ – дарылоо максатында оорулуунун кан тамырына (реципиентке) донор канын же кан дары-дармектерин куюу. Эритроциттин са­нын толуктоо, айланган кандын көлөмүн ж-а анын осмос басымын калыбына келтирүү үчүн, ошондой эле ууланганда канга аралжы заттар (физиологиялык эритме) пайдаланылат. Оорулуунун канына до­нордун каны туура келгенде гана куюлат. Хи­рургиялык операция убагында кеткен канды толук­тап, оорулуунун организмин уулуу заттардан арылтып, инфекцияга туруктуулугун жогору­латат, кан басымын жөнгө келтирип, дем алууну жакшыртат. Оорулууга түздөн-түз донордон ре­ципиентке же алдын ала консерваланып, даяр­далган кан куюлат. Ар бир кан куюунун алдында кан топтору, резус-фактор, донор м-н реципиент­тин канынын биологиялык жактан туура келиши тек­шерилет. Эреже боюнча бирдей топтогу кан кую­лат. 1-топтогу резус – терс кан башка бардык топтогу оорулуунун канына туура келет. Кан куюу катуу кырсыкка кабылганда, кан көп кеткен операцияда, ичке кан көп акканда, күйүктө, аз кандуулукта, жугуштуу ооруларда ж. б. колдо­нулат.