КАНИМЕТОВ Абдылда
КАНИМЕТОВ Абдылда – (18. 8. 1928, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Шалбаа кыштагы – 28.11. 1999, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору (1987), профессор (1968). 1950-жылы ММУну бүткөн. 1950–55-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кызматкер, 1955–59-жылдарда Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчысы, директордун орун басары,

1959–61-жылдарда Кыргызстан КП БКнын мектеп ж-а ЖОЖ бөлүмүнүн башчысы, 1961–62-жылдарда Кыргыз ССР Ми - нистрлер Советине караштуу жогорку ж-а атайын орто билим берүү боюнча комитеттин төрагасы, 1962–77-жылдарда Кыргыз ССР элге билим берүү министри, 1977–88-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда директор, 1989- жылдан сектор башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер. Каниметовдун илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүүнүн ж-а Интергельпонун тарыхына арналган. 200дөй илимий эмгектин (анын ичинде 40тай монография, окуу китеп) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1962–79). 3 Эмгек Кызыл Туу, "Ардак белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Бишкек ш-ндагы № 1 мектеп-интернатына ысмы ыйгарылган.
Эмг.: Каниметов А. К., Маречек Р. П., Мужиков И. П. Чехословакиялык «Интергельпо» кооперативинин тарыхы. Ф., 1958; Каниметов А. К. Народное образование Советской Киргизии за полвека. Ф., 1972; Каниметов А. Наш друг Юлиус Фучик. Ф., 1976.