КАНИГУТ ҮҢКҮРҮ
КАНИГУТ ҮҢКҮРҮ – байыртадан кен казылып алынуучу үңкүр. Баткен районундагы Самаркандек кыштагынан 18 км батыш тарапта, Мадыген тоосунун чыгышындагы Шадымир өрөөнүндөгү Занкур капчыгайында жайгашкан. Кыргызстандагы эң чоң үңкүр. Жергиликтүү калкка байыртадан эле белгилүү болуп, аны Занкур деп аташкан. Жалпы узундугу 3000 мден ашат. Эки оозу бар. Негизги оозу 9x8 м өлчөмүндө, тоонун түштүк-чыгыш кап-

талында капчыгайга кире бериштен орун алган.
Үңкүрдүн чыкчу оозу кирчү оозунан 50 м жогору, эң терең чуңкуру оозунан 34 м төмөн жайгашкан. Анын айланасындагы аймактарды адамдар кул ээлөөчүлүк доордо эле мекендегени анык. Алгачкы илимий чалгындоо иштерин 1895-жылы март айында археология сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин мүчөлөрү М. С. Андреев м-н Н. Г. Маллицкий жүргүзгөн. Ташкентте ийримдин кезектеги отурумунда М. С. Андреев бул илимий изилдөө жөнүндө доклад жасап, Варух капчыгайындагы аска ташты ж-а үңкүрдүн оозуна чегилген арабча жазуулардын көчүрмөсүн көрсөткөн. Отурумдун жыйынтыгында үңкүрдү изилдөөнү улантуу жөнүндө чечим чыгарылган. Канигут үңкүрү советтик доордо ар тараптан изилденген. 6–7-кылымдарда үңкүрдөн коргошун, темир казылып алынган. Кокон хандыгынын мезгилинде жергиликтүү кыргыздар үңкүрдөн коргошун казып алып тургандыгы жөнүндө маалымат бар. «Канигут» (Ажал кени) аталышы Кокон ханы Кудаяр м-н байланыштуу, ал өлүм жазасына тартылгандарды күмүш казып алуу үчүн үңкүргө түшүргөн. Үңкүрдүн жанында таштан салынган турак жайдын урандылары бар.