КАНИБАДАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 5 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИБАДАМ – Тажикстандын түндүгүндөгү шаар. Согд облусунда. Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Чоң Фергана каналынын боюнда жайгашкан. Канибадам темир жол бекетинен 6 км. Калкы 58,3 миң (2008). Жолдор тоому. Болжол м-н 9–10-кылымдарда пайда болгон. Алгач 1463-жылы эс­керилет. 1937-жылдан шаар. Машина куруу, ме­талл иштетүү (велосипед, майыптар үчүн коляска ж. б.), жеңил (пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш (жашылча-жемиш консервалары, ширелер) өнөр жай ишканалары ж-а «Шохон» нефть ажыратуучу заводу [Канибадам ж-а Бадкуанд (Кыргызстандагы) кендеринин негизинде] иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүктүн байыркы борбору. Мир-Ражаб-Додхо (16-кылым) ж-а Оим (17–18-кылымдар) мед­реселери, Лангари-Бобо мавзолейи (17–18-кылымдар), мунара (19-кылым) ж-а салттуу кооздолгон мечит­тер сакталган. Тарыхый-край таануу музейи, музыкалуу-драма театры бар.