КАНЖЫГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЖЫГА – ат жабдыктарынын бири; ар кан­дай буюмду байлап алуу ж-а бөктөрүү үчүн ээр­дин эки жак капталынын арткы четине беки­тилген чагаракка же көзөнөккө чие түйүлгөн ич­ке кош кайыш боо. К. ийленген кайыштан ти­линип, кез-кез майланып турат. Уз. 0,5 мче бо­лот. Бешик же бала өңөрүүдө аялдардын ээри­нин эки капталы­нын алдыңкы че­тине да К. тагылат.