КАН ЖҮРҮҮ СИСТЕМАСЫ
КАН ЖҮРҮҮ СИСТЕМАСЫ – жаныбарлар м-н адам организминде кан же гемолимфа айлануучу кан тамыр ж-а көңдөй системалар. Кандын үзгүлтүксүз айланышын жүрөк ж-а кан тамырлар камсыз кылат. Бул системанын жардамы м-н ткань ж-а клеткалар тамак заттарын, кычкылтекти алат, зат алмашуу продуктуларынан бошонот. Көпчүлүк омурткасыздардын (муунак буттуулар, моллюскалар), жөнөкөй хордалуулардын кан жүрүү системасы туташпаган (ачык); адам ж-а бардык омурткалуулар, кээ бир омурткасыздардыкы туташ (туюк) болот. Кан жүрүү системасы туташпаган (ачык) жаныбардын тамыр капталы жок, жылчык сымал боштуктар (чуңкур, коңул) м-н бөлүнгөн. Мында дененин бүткүл ткандарына кан (гемолимфа) тикеден тике тийишүү м-н катта-

шат. Туюк кан жүрүү системасы бар жаныбарда кан тамыр м-н айланып, кан м-н ткандын ортосундагы зат алмашуу тамырдын капталы (керегеси) аркылуу жүрөт. Адам, омурткалуу жаныбар, кээ бир омурткасыздардын Кан жүрүү системасынын башкы органы – жүрөк. Жүрөктөн кан агып чыгуучу тамырлар артерия, ага кан алып келүүчү тамырлар вена деп аталат. Кан жүрүү системасы бакалоор м-н дем алган оймок ооздуулар ж-а балыктарда (эки түрдүү дем алуучулардан башка) кан айлануунун бир тегерегинен, өпкөсү м-н дем алган бардык омурткалуу жаныбарларда ж-а кишиде кан айлануунун эки тегереги (чоң ж-а кичине) болот, к. ошондой эле Жүрөк, Кан айлануу макалаларын.