КАН ЖҮРҮҮ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН ЖҮРҮҮ СИСТЕМАСЫ – жаныбарлар м-н адам организминде кан же гемолимфа айлануу­чу кан тамыр ж-а көңдөй системалар. Кандын үзгүлтүксүз айланышын жүрөк ж-а кан тамыр­лар камсыз кылат. Бул системанын жардамы м-н ткань ж-а клеткалар тамак заттарын, кыч­кылтекти алат, зат алмашуу продуктуларынан бошонот. Көпчүлүк омурткасыздардын (муунак буттуулар, моллюскалар), жөнөкөй хордалуу­лардын К. ж. с. туташпаган (ачык); адам ж-а бардык омурткалуулар, кээ бир омурткасыздар­дыкы туташ (туюк) болот. К. ж. с. туташпаган (ачык) жаныбардын тамыр капталы жок, жыл­чык сымал боштуктар (чуңкур, коңул) м-н бө­лүнгөн. Мында дененин бүткүл ткандарына кан (гемолимфа) тикеден тике тийишүү м-н катта-

Кан жүрүү системасы: І Балыктыкы: 1 бакалоор кан тамырлары; 2 дене кан тамырлары; 3 - жүрөк толтосу; 4- жүрөк карынчасы. ІІ Жерде-сууда жашоочулардыкы: 1 өпкө кан тамырлары; 2 — оң жүрөк толтосу; 3-сол жүрөк толтосу; 4 жүрөк карынчасы; 5- дене кан тамырлары. ІII Адамдыкы: 1 - баш ж-а моюн кан та-мырлары; 2 — кол кан тамыры; 3 толто; 4 - өпкө венасы; 5 - өпкө кан тамырлары; 6 - карын кан тамырлары; 7 — көк боор кан тамыры; 8 - ичеги кан тамырлары; 9 бут кан тамырлары; 10 — бөйрөк кан тамырлары; 11 - боор кан тамырлары; 12 — төмөнкү күрөө вена тамыры; 13- жүрөктүн сол карынчасы; 14 - оң карынчасы; 15 - жүрөктүн он толтосу; 16 - сол толтосу; 17 - өпкө артериясы; 18 жогорку күрөө вена тамыры,

шат. Туюк К. ж. с. бар жаныбарда кан тамыр м-н айланып, кан м-н ткандын ортосундагы зат алмашуу тамырдын капталы (керегеси) аркы­луу жүрөт. Адам, омурткалуу жаныбар, кээ бир омурткасыздардын К. ж. с-нын башкы органы – жүрөк. Жүрөктөн кан агып чыгуучу тамырлар артерия, ага кан алып келүүчү тамырлар вена деп аталат. К. ж. с. бакалоор м-н дем алган оймок ооздуулар ж-а балыктарда (эки түрдүү дем алуучулардан башка) кан айлануунун бир тегерегинен, өпкөсү м-н дем алган бардык омурт­калуу жаныбарларда ж-а кишиде кан айлануу­нун эки тегереги (чоң ж-а кичине) болот, к. о. эле Жүрөк, Кан айлануу макалаларын.