КАНДИ
КАНДИ́ (англ. Kandy; сингалча Маха-Нувара – «Улуу шаар») – Шри-Ланкадагы шаар. Борбордук провинциянын административдик борбору. Өлкөнүн борбордук тоолуу бөлүгүндө, Канди платосунда, Махавели- Ганг дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 118,2 миң (2008). Король Викрамабаху III 14-кылымда негиздеген. 1592-жылдан Цейлон (учурда Шри- Ланка) аралынын түштүк-батышын ж-а түндүгүн португалиялыктар басып алышкандан кийин көз каранды эмес Канди сингал мамлекетинин борбору. 1815-жылдагы келишим м-н Британия империясынын курамына киргенден борбор статусун жоготкон. Буддалардын ыйык шаарларынын бири. Шаардын борборунда 18 мунаралуу таш дубал (16-кылымдын аягы 17-кылымдын башы) м-н курчалган сингал салттуу архитектурасынын курулуштары сакталган Зуба храмы (16-кылымдын аягы –18-кылым), ошондой эле Натха-Дэвале (14-кылым), Вишну-Дэвале (18-кылым) храмдары, Асгирия-Вихара (14–17-кылымдар), Малватта-Вихара (16–18-кылымдар) будда монастырлары, Ыйык Павел собору. Шаардын борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Кандиден 5 км Пераденияда Азиядагы эң ири Король ботаникалык багы (1821; бөлмө өсүмдүктөрүнүн 750 түрү ж. б.) бар. Кандигеге жакын Хиндагала үңкүрүндө 5–7-кылымдарга таандык жазуулар бар. Кустардык кол өнөрчүлүк ж-а туризм өнүккөн.