КАНАДАЛЫКТАР
КАНАДАЛЫКТАР – эл, Канаданын калкы.
Жалпы саны 31,2 млн, анын ичинде Канадада 25 млн киши (2006). Канада калкынын 43%ин англисканадалыктар, 24%ин француз-канадалыктар, 2%ин индейлер, эскимостор, ошондой эле Европадан барган немис, англис, италян, украин, орус, голланд, поляк, еврей жана америкалыктар түзөт. Канадалыктар англис жана француз тилдеринин канадалык вариантында сүйлөшөт. Англис-канадалыктардын динге ишенгендери протестантизм (пресвитериан, лютеран, баптисттер), француз-канадалыктар католицизм динин тутушат. XVI–XX кылымдарда алгач Европадан (француз, англис, шотланд, ирлан, уэльс, немис, голланд жана башкалар), кийин Америка Кошмо Штаттардан иммигранттардын Канада аймагына көчүп келип отурукташуусу менен канадалыктар улут болуп калыптанган. Англис-канадалыктардын улуттук маданияты англистердикине жакын. Эски шаарларда англис үлгүсүндө салынган архитектуралык курулуштар сакталган. Айрым англис-канадалык топтордун турак жайлары, тамак-ашы, үрп-адат, салттары европалыктардыкына окшош. Алар Шотландиялыктардын колдоочусу Ыйык Андрей, ирландыктардын Ыйык Патригини күндөрүн майрамдашат. Азыркы учурдагы маданиятына америкалыктардын таасири чоң.