КАЛМАК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК ТИЛИкалмактардын тили. Моң­гол тилдеринин тобуна кирет. Ал торгут, дер­бет жана бузав айтымдарына бөлүнөт. Калмак тили Астра­хань, Ростов, Волгоград облустарына, Ставро­поль крайына тараган. Калмак тилине кыска жана созул­ма үндүүлөр мүнөздүү, 8 жөндөмөсү бар. Калмак­тар 17-кылымдын ортосуна чейин моңголдордун тик (вертикаль) жазуусун пайдаланышкан, 1648-жылы ал зая-пандит жазуусу менен алмашкан. 1924-жылы орус алфавити киргизилген. 1931–38-жылдары латын алфавити колдонулган. 1938-жылдан кайра орус алфавитине өткөн. 1992-жылдан калмак тили орус тили менен катар мамлекеттик тил болуп саналат.